KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

06 мая 2019

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт


Категориясы (С-А) улук кызматтар: Башкармалыктын бухгалтердик эсептик, отчеттук жана сатып алуу секторунун башчысы – 1 бош орун.


Жогорудагы бош ваканттык орундарга коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим деңгээли:


-экономикалык багыттагы жогорку кесиптик билим,


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


-мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;


3 кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын Бюджеттик кодексин, КРнын “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө”, “мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Мыйзамдарын, КРнын “Мамлекеттик бюджеттин эсебиндеги уюмдардын атайын каражаттары жана депозиттик эсептери жөнүндөгү” Жобосун билүүгө тийиш;


Функционалдык-кызматтык милдеттери:


-жетекчинин тапшырмаларын сапатуу аткаруу,


-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү,


-мамлекеттин жана чет өлкөлөрдүн иш тажырыйбаларын салыштыруу жана практикада колдонуу,


-аналитикалык, информациялык жана башка документтерди дайындоо ж.б.


Шыгы:


— маалыматтарды чогултуу, анализдөө, систематизациалоо жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— мамлекеттик жана чет элдин тажырыйбаларын анализдөө жана практикада колдонуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— ишкердик которуу жүргүзү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу жөндөмү;


— тиешелүү кызамттык чөйрөдө иштөөгө багыталган;


— өзүнүн милдеттерин аткаруунун чегинде иштин жыйынтыгын анализдөө, прогноздоо ж.б.;


Ыкмалары:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;


— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;


— нормативдик актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү;


— мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу ж.б.;


Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү өздүк арызы, кадр учету боюнча өздүк баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу/соттолбогондугун көргөзү керек), 4х6 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көргөзүлөт), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндөгү документтердик көчүрмөсү, Психикалык жана Наркология борборунан маалымдама.


Документтерин толук тапшырбаган жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Талапкерлердин документтери жарыя “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин, Каракол шаары Кыштобаев көчөсү 70 дареги, Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында кабыл алынат, тел. 0(3922) 5-65-06, 0550 091 155.


Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун убактысы жана өтүлө турган дареги кошумча кабар берилет.