KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

21 октября 2019

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областык башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт:


-Башкармалыктын адиси – 1 штаттык бирдик (кенже кызмат, категориясы (М-Б)),


Баардыгы 1 штаттык бирдик.


бош ваканттык кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптар:


Бош ваканттык ордуна коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим деңгээли:


— юридикалык багыттагы жогорку билими;


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


— иш тажрыйбага талап коюлбайт;


3. кесиптик компетенттүлүгү:


КРнын «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Мыйзамын билүүсү зарыл;


Шыгы:


— маалыматтарды чогултуу, анализдөө, систематизациалоо жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— мамлекеттик жана чет элдин тажырыйбаларын анализдөө жана практикада колдонуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— ишкердик которуу жүргүзү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу жөндөмү;


— тиешелүү кызамттык чөйрөдө иштөөгө багыталган;


— кызматтык бөлүмүндө өзүнүн милдеттерин аткаруунун чегинде иштин жыйынтыгын анализдөө, прогноздоо;


Ыкмалары:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;


— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;


— нормативдик актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү;


— мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу;


Функционалдык-кызматтык милдеттери:


-жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


-маалымат топто, анализдөө систематизациялоо жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо,


-мамлекеттик жана чет өлкөлөрдүн иштерин анализдөө жана практикада колдонуу,


-кызматкерлер менен эффективдүү иштеше билүү,


-иштиктүү кат алышуу,


-жаңы жумуш шарттарына көнүшө билүү ж.б.


Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы,өмүр баяны (соттолбогондугун же соттолгондугун көргөзү керек), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, паспортунун көчүрмөсү (паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими


жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү, психикалык жана Наркология борборунан маалымдама.


Документтерин толук тапшырбаган жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Талапкерлердин документтери жарыя “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин, Каракол шаары Кыштобаев көчөсү 70 дареги, Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында кабыл алынат, тел. 0(3922) 5-65-06, 0550 091 155.


Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун убактысы жана өтүлө турган дареги кошумча кабар берилет.