KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жамааты ишембиликке чыгышты

10 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 10-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жалпы жамааты мекеменин  имаратынын аймагында ишембилик өткөрүштү.


Иш чаранын жүрүшүндө кызматкерлер имараттын тегерек-четин тазалап, куураган чөптөрдөн, түшкөн жалбырактардан жана таштандылардан тазалашты. Газондор иретке келтирилип, гүлдөрдүн тегерегиндеги чөптөр отолуп, бак-дарактар жана бордюрлар акталды.


Ошондой эле, кызматкерлер иш бөлмөлөрүн жана жумушчу жайларын жыйнап, тазалашты.


Имараттын санитардык абалын жакшыртуу максатында күз айларынын ар аптасынын соңунда кызматкерлер тарабынан имараттын айланасын тазалоо жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүү улантылмакчы.