KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жаңы жетекчи дайындалды

06 июня 2019

Бүгүн,  2019 жылдын 6-июнунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Г.Калиева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жамаатына департаменттин директору Кубанычбек Капаловду тааныштырды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Сот департаментинин жаңы жетекчисине ийгиликтерди каалоо менен тапшырмаларды коюп, өзүнүн буга чейин болгон иш тажрыйбасын   тийиштүү милдеттерди чечүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.


Кубанычбек Капалов бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.


Өзүнүн эмгек жолун 2005-жылы генерал-майор Шабиров атындагы КРнын ИИМнин орто мектебинин филиалынын  курсанты жана Ош областтык ички иштер башкармалыгынын милиционери болуу менен баштаган.


2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Түштүк регионалдык институтунун кадр бөлүмүнүн 2- категориядагы адиси болуп дайындалган.


Андан соң “Жазык укугу” кафедрасына окутуучу-стажер болуп которолуп, ошол эле учурда жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.


2008-жылы конкурс аркылуу “Жазык-укуктук” кафедрасына окутуучу болуп шайланып, ошол эле жылы келишим менен тарбиялык иштер боюнча ректордун жардамчысы болуп дайындалган.


2010-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун “Жазык укук жана процесстик” кафедрасынын улук окутуучусу болуп, 2014-жылга чейин Ош мамлекеттик юридикалык институтунда эмгектенген.


2014-жылдын апрель айында Сот департаментинин Ош областтык башкармалыгынын башкы адиси,  ошол эле жылдын декабрь айында конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен Сот департаментинин Талас областтык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.


20016-жылдын апрелинен тартып Кубанычбек Капалов Сот департаментинин Чүй областтык башкармалыгынын башчылыгына (ротациянын негизинде) которулуп, 2016-жылдын  1-ноябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгын жетектеп келген.