KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

01 июня 2020

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы төмөндөгү ваканттык мамлекеттик административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт


  


Башкы адис


(улук кызмат, категориясы С-Б, 1 бош орун)


— Ош облустук Сот департамент башкармасынын бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана сатып алуу секторунун башкы адиси – 1 бош орун.


Жогорудагы бош ваканттык орундарга коюлган квалификациялык талаптар:


Кесиптик билим деңгээли:


-экономикалык же юридикалык багыттагы жогорку кесиптик билим


Иш стажы жана тажрыйбасы:


— мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы.


— товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча сертификаттын болушу.


Кесиптик компетенттүүлүгү:


— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;


-«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамы, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча” жобо;


— Положение о специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргыз Республики утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 августа 2000 года №531;


— Положение “по ведению бухгалтерского учета и финансовой отчетности в секторе государственного управления”;


— Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике, утвержденной постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 июля 2012 года №25.


Функционалдык-кызматтык милдеттери:


— жетекчинин тапшырмаларын сапатуу аткаруу,


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана практикада колдоно билүү,


— мамлекеттин жана чет өлкөлөрдүн иш тажырыйбаларын салыштыруу жана практикада колдонуу,


-аналитикалык, информациялык жана башка документтерди дайындоо ж.б.


Шыгы:


— маалыматтарды чогултуу, анализдөө, систематизациалоо жана жалпылоо;


— аналитикалык документтерди даярдоо;


— мамлекеттик жана чет элдин тажырыйбаларын анализдөө жана практикада колдонуу;


— коллегалары менен эффективдүү иштешүү;


— ишкердик которуу жүргүзүү;


— жаңы чөйрөдө иштешип кете алуу жөндөмү;


Ыкмалары:


— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;


— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;


— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу


Талап кылынуучу документтер:


— Конкурска катышуу жөнүндөгү өздүк арызы:


— Кадр учету боюнча өздүк баракчасы,


— Өмүр баяны (соттолгондугу/соттолбогондугун көргөзү керек),


— 3х4 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт,


— Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көргөзүлөт),


— Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана жогорку билими жөнүндөгү документтердик көчүрмөсү,


— Психикалык жана Наркология борборунан маалымдама.


— медициналык Ф-086 малымдама;


— Аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн) (бул талап аялдарга тиешелүү эмес);


Документтерин толук тапшырбаган жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Талапкерлердин документтери жарыя “Ош жаңырыгы” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин, Ош шаары Моминова көчөсү 3 дареги, Ош облустук Сот департамент башкармалыгында кабыл алынат, тел. (03222) 2-77-38.


Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун убактысы жана өтүлө турган дареги кошумча кабар берилет.


Сынак тууралуу тереңирек маалыматты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg сайтынан ала аласыздар.