KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы административдик кызмат орундарынын улук тобу боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

18 декабря 2023

Улук административдик кызмат орундары (юридикалык багыт боюнча)


Коюлуучу талаптар:


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку билими;


— мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда бир жылдан кем эмес иштеген, же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы;


—  КР Конститутциясын;


—  КРнын  “ Сот аткаруучулардын статусу жана  аткаруу өндүрүшү тууралуу”,


—  КРнын  “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,


—  КРнын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,


—  КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”,


— “КР нын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү ”,


— “КР судьяларынын статусу жөнүндө”,


—  КР “Күрөө жөнүндөгү”,


—  КРнын Үй-бүлө кодексин,


—  КРнын Жарандык процессуалдык Кодекси,


—  КРнын Укук бузуулар жөнүндөгу Кодекси,


—  КРнын иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы 03.03.2020 №120,


— КРнын Жогорку сотунун 14.01.2022-жылдагы “КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү” Жобосун билүүгө тийиш.


 


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөндөгү документтерди даярдоосу зарыл:


— талапкердин арызы;


— өздүк баракчасы;


— өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);


— резюме электрондук почтасын көрсөтүү менен;


— сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана (көгүш фон);


— мед. справка 0-086;


— паспорттун көчүрмөсү (конкурс өткөрүлгөн күнү талапкер паспортунун түп нускасын өзү менен кошо алып келүүгө тийиш);


— жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү нотариус тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;


— эмгек китепчесинин нотариустан же тиешелүү адис тарабынан тастыкталган көчүрмөсү.


 


Документтер, жарыя чыккан күндөн тарта 10 иш күн аралыгында кабыл алынат.


Бардык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска катыша алат.


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөнкү дарекке кайрылсын:


 


Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 56, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы.


Сурап билүү телефону: (0 36 22 ) 5-09-39.