KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине кабыл алууга сынак жарыялайт

18 января 2024

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топторуна жалпы квалификациялык талаптар:


— КР Конституциясын;


— КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Нормативдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамын;


— КР нын иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын 03.03.2020№120;


Улук административдик кызмат орундары (ар түрдүү профилдеги жогорку билим)


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку билими;


— мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда бир жылдан кем эмес иштеген, же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы;


— КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын;


— КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын;


— КР «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Курал жарактар жөнүндөгү» мыйзамын;


— «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун14.01.2022


билүүгө тийиш.


Улук административдик кызмат орундары (юридикалык багыт боюнча)


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку юридикалык билими;


— мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда бир жылдан кем эмес иштеген, же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы;


—  КРнын  “ Сот аткаруучулардын статусу жана  аткаруу өндүрүшү тууралуу”,


— “КР нын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү ”,


— “КР судьяларынын статусу жөнүндө”,


—  КР “Күрөө жөнүндөгү”,


—  КРнын Үй-бүлө кодексин,


—  КРнын Жарандык процессуалдык Кодекси,


—  КРнын Укук бузуулар жөнүндөгу Кодекси,


— КРнын Жогорку сотунун 14.01.2022-жылдагы “КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү” Жобосун билүүгө тийиш.


Кенже административдик кызмат орундары (юридикалык багыт боюнча)


Коюлуучу талаптар:


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку юридикалык билими;


— КР Конституциясын;


— КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын;


— КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын;


— КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Күрөө жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Курал жарактар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР Үй-бүлө Кодекси;


— КР «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;


— КР нын иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын 03.03.2020№120;


— «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун14.01.2022.


Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна конкурска катышуучу талапкерлер төмөндөгү документтерди даярдоосу зарыл:


— талапкердин арызы;


— өздүк баракчасы;


— өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);


— резюме электрондук почтасын көрсөтүү менен;


— сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана (көгүш фон);


— мед. справка 0-086;


— паспорттун көчүрмөсү (конкурс өткөрүлгөн күнү талапкер паспортунун түп нускасын өзү менен кошо алып келүүгө тийиш);


— жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү нотариус тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;


— эмгек китепчесинин нотариустан же тиешелүү адис тарабынан тастыкталган көчүрмөсү.


Документтер, жарыя чыккан күндөн тарта 10 иш күн аралыгында кабыл алынат.


Бардык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска катыша алат.


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөнкү дарекке кайрылсын:


Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 56, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы.


Сурап билүү телефону: (0 36 22 ) 5-09-39.