KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөнкү бош ваканттык мамлекеттик, административдик кызмат ордуларына ачык сынак жарыялайт

24 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөнкү бош ваканттык мамлекеттик, административдик кызмат ордуларына ачык сынак жарыялайт:


Улук кызмат ордулары, категориясы (С-Б):



  • Башкармалыктын башкы адиси – 1 штаттык бирдик;

  • Каракол аймактык СПКБнүн сот приставдары – 2 штаттык бирдик;

  • Ак-Суу райондук СПКБнүн сот приставдары – 2 штаттык бирдик;

  • Түп райондук СПКБнүн сот приставдары – 3 штаттык бирдик;

  • Балыкчы шаардык СПКБнүн сот приставдары – 3 штаттык бирдик;

  • Тоң райондук СПКБнүн сот приставдары – 4 штаттык бирдик;

  • Жети-Өгүз райондук СПКБнүн сот приставдары – 4 штаттык бирдик;


Кенже кызмат орду, категориясы (М-А):



  • Бухгалтердик эсеп отчеттулук жана сатып алуу секторунун жетектөөчү адиси – 1 штаттык бирдик.


Баардыгы 20 штаттык бирдик.


Коюлган квалификациялык талаптар:


Жетектөөчү адис кызмат ордуна:



  • кесиптик билим деңгээли:


— экономикалык багыттагы жогорку билими;


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


— иш тажырыйбасына талап коюлбайт;


-(кошумча Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу жөнүндөгү сертификатын бардыгы артыкчылык болуп саналат);


3) кесиптик компетенттүлүгү: 


-КРнын Бюджеттик кодекси, КРнын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдарын,        

— КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы N 224 токтому менен бектилген «Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча», «Мамлекеттик бюджеттин эсебиндеги уюмдардын атайын каражаттары жана депозиттик эсептери жөнүндөгү» жоболору;


— “Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жан финансылык отчеттулук” Жобосу;


— КРнын Иш-кагаздарын алып баруу типтүү нускамасын,


— КРнын Жогорку сотунун 2012-жылдын 26-январь айындагы буйругу менен бекитилген “КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жобосун” билүүсү зарыл;


Функционалдык-кызматтык милдеттери:


-жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


-маалымат топто, анализдөө систематизациялоо жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо,


-мамлекеттик жана чет өлкөлөрдүн иштерин анализдөө жана практикада колдонуу,


-кызматкерлер менен эффективдүү иштеше билүү,


-иштиктүү кат алышуу,


-жаңы жумуш шарттарына көнүшө билүү ж.б.


Башкы адис кызмат ордуна:


Коюлган квалификациялык талаптар:



  • кесиптик билим деңгээли:


— юридикалык багыттагы жогорку билими;


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


— мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;


3) кесиптик компетенттүлүгү: 


-КРнын “Жоруктар жөнүндө”, “Бузуулар жөнүндө” кодекстерин,


— КРнын “Сот приставдар жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, “Соттун өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Курал жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө Мыйзамдарын,


— КРнын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасын,


— КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тууралуу Жобосун билүүсү зарыл;


Функционалдык-кызматтык милдеттери:


-жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


-маалымат топто, анализдөө систематизациялоо жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо,


-мамлекеттик жана чет өлкөлөрдүн иштерин анализдөө жана практикада колдонуу,


-кызматкерлер менен эффективдүү иштеше билүү,


-иштиктүү кат алышуу,


-жаңы жумуш шарттарына көнүшө билүү ж.б.


          Сот приставдары кызмат ордуна:


         1) кесиптик билим деңгээли:


— юридикалык багыттагы жогорку билими;


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


— мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;


Сот приставы үчүн:



  • кесиптик компетенттүлүгү:


КРнын «Сот приставдары жөнүндө», «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» жана «Курал жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;


         Сот приставдарынын функционалдык-кызматтык милдеттери:


— Сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өтөрүлүп жаткан имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;


— процесстик иш-аракеттерди жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү ж.б.;


          Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы, өмүр баяны (соттолбогондугун же соттолгондугун көргөзү керек), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, резюме, паспортунун көчүрмөсү (паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү, психикалык жана наркология борборунан маалымдама.


Сот приставдары үчүн: Аскердик билет же башка аскердик даярдык өткөндүгүн тастыктаган же альтернативдик даярдык өткөндүгү тууралуу документтеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түрүндө) (бул талап аялдарга тиешелүү эмес) аскердик даарыгерлик комиссиянын (АДК) жыйынтыгы (тестирлөө этабынан кийин);


АДК-ны тестирлөө этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер гана өтө алат.


Документтерди толук тапшырбаган жана квалификациалык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Талапкерлердин документтери скорошивательге тиркелген түрдө, жарыя “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында Каракол шаары, Кыштобаева көчөсү 70 даареги боюнча кабыл алынат, тел. 0 (3922) 5-65-06, 0504 09-05-50.


Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун өтүлүүчү убактысы жана орду тууралуу кошумча кабар берилет.


Сынак тууралуу тереңирек маалыматты КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg сайтынан жана КРнын Жогоку сотуна караштуу Сот департаментинин www.suddep.sot.kg сайтынан ала аласыздар.