KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Мамлекеттин келечеги эне тилибизде

27 сентября 2019

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү.


“Малекеттин келечеги мамлекеттик тилде” аталышындагы бул иш-чарага мамлекеттик тил комиссиясынан өкүлдөр, тилчилер, журналисттер жана сот тармагындагы кызматкерлер катышты.


Алгач аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болуу тарыхы тууралуу презентация жасалып, меймандар менен эркин баарлашуу болду. Анда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары жашоосундагы оош-кыйыштар, тилибиздин кадыр-баркы жана ага кедергисин тийгизген жагдайлар тууралуу кең-кесири сөз болду. Ошондой эле, расмий документтерди кыргыз тилине которуу, юридикалык терминдерди кыргызчалоодогу кыйчалыштыктар айтылды.


Бул күнү Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан даярдалган тилге байланыштуу сценка коюлуп, дубал гезиттер сынагынын да жыйынтыгы чыкты. Аталган сынакта Панфилов райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан жасалган дубал гезити өзгөчө презентациясы менен биринчи орунга татыса, андан кийинки орундарды Кемин жана Сокулук райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрү  алышты.


Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Данияр Сейитказиев келгендерге ыраазычылыгын билдирип, дубал гезиттин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди тапшырды.