KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нургуль Бакирова: Элдин сот тутумуна болгон ишеними сот актыларынын аткарылышына жараша болот

29 апреля 2021

Бул тууралуу бүгүн 2021-жылдын 29-апрелинде Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлери жана сот аткаруучулары менен болгон кеңешмеде билдирди.


Кеңешмеге ошондой эле Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров,​ Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Жогорку соттун алдындагы Аткаруу кызматынын башчысы Кубанычбек Капалов, башкы сот приставы Таалайбек Мукалаев, сот департаментинин областтык башкармалыктарынын башчылары, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын сот аткаруучулары, сот приставдары катышышты.


Нургуль Бакирова өз сөзүндө акыркы мезгилде сот актыларынын аткарылышынын төмөндөшү тенденциясы байкалып жаткандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал өзгөчө көңүлдү сот актыларын аткаруунун сапатын жогорулатуу зарылдыгына бурду, анткени сот бийлигинин кадыр-баркы так ушуга байланыштуу.


Ошол эле учурда, ал сот аткаруучулардын ишиндеги көйгөйлөрдү билерин, аларды сот тутуму аткаруу бийлиги менен өз ара аракеттенүү жолу менен чечиши керектигин, бирок бул сот актыларынын аткарылышынын сапатын жана санын төмөндөтүүгө шылтоо болбошу керектигин баса белгиледи.


Нургуль Бакирова эмгек тартибине, мамлекеттик кызматкерлердин этикасынын эрежелерин сактоого, сот тутумуна көлөкө түшүргөн иш-аракеттерге жол берилбестигине, коррупцияга байланыштуу ар кандай иш-аракеттерди четтетүүгө өзгөчө көңүл бурду.