KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот приставдарынын негизги милдеттери

03 февраля 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Cот департаментинин Сот приставдар кызматынын сот приставдарына кызматтык милдеттерин аткарууда абийирдүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк менен иш алып баруу талабы коюлган.


Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын «Сот приставдары жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык, сот приставдары өзүнүн иштиктүү жана жеке сапаттары, ошондой эле ден соолугу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болушу керек экендиги белгиленген.


Сот приставдар кызматынын өздүк курамын кесиптик даярдоо жаатындагы артыкчылыктуу милдеттердин арасында үзгүлтүксүз кесиптик билим жана дене тарбия жактан даярдоону биринчи кезектеги милдет катары каралат.


Сот приставдар кызматынын катарындагы кызматкер мыйзамда каралган атайын каражаттарды, ок атуучу куралды жана күч колдонуу тартибин өздөштүрүүсү кажет.