Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында Талас облусунун сот аткаруучуларынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.
Жыйын облустук башкармалыктын башчысы, облустук башкармалыктын САКБнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмү, улук сот аткаруучулардын жана облустун сот аткаруучуларынын катышуусунда өттү.
2023-жылда аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү менен натыйжалары, сот актыларын жана башка органдардын актыларын өз убагында жана натыйжалуу аткаруу маселелери талкууланды.
Өз сөзүндө Талас облустук башкармалыгынын башчысы Токтогул Ахунов белгилегендей, сот аткаруучулар мыйзамдуулукту сактап, аткаруу документтерин аткаруунун милдеттүүлүгү менен бирге иш-аракеттерин өз убагында аткаруу принциптерин жетекчиликке алышы керектигин, бул иштин натыйжалуулугун жана аткаруу көрсөткүчтөрүн жогорулатарын белгиледи.