KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл облусунун сот приставдарынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

29 января 2024

2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында Ысык-Көл облусунун сот приставдарынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.


Өткөн жылда аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү менен натыйжалары, мажбурлар алып келүү жөнүндө соттун токтомдорун өз убагында жана натыйжалуу аткаруу маселелери талкууланды.


Ысык-Көл облусунун улук сот приставы Актилек Рыскулов сот приставдарын мыйзамдуулукту сактап, соттун мажбурлап алып келүү жөнүндөгү токтомдорун өз убагында аткарууга чакырып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө керектигин белгиледи.


Жыйын Ысык-Көл облусунун сот приставдарынын катышуусунда өттү.