KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун Сот приставдар кызматынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

01 февраля 2023

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында 2023-жылдын 30-январында облустун Сот приставдар кызматынын 2022-жылдагы  ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.


Жыйындын жүрүшүндө аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жакшы көрсөткүчтөрү үчүн белгиленген кызматкерлерге Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи уюштурулуду.


Жыйында Талас облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Сулайман Алымкулов куттуктоо сөзүн айтып, Талас облусунун Бакай-Ата райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Гульнара Калназаровага “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин отличниги” төш белгисин тапшырды. Ошондой эле бир катар сот приставдарына грамоталар жана ыраазычылык барактар берилди.