KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Президент Садыр Жапаров Жогорку Сотко барып, өлкөнүн сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

05 августа 2022

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна барды.


Мамлекет башчысына Кыргызстандын сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камсыз кылган маалыматтык системалар, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындоо, соттордун курамын түзүү жана башкалар жөнүндө айтылды.


Мындан тышкары, Президентке аткаруу өндүрүшүнүн бизнес-процесстерин автоматташтыруу, сот иштерин жана сот актыларын ачык жеткиликтүүлүктө жарым автоматташтырылган жана автономдуу жарыялоо процессин камсыз кылуучу маалыматтык системалар, «Санариптик адилеттүүлүк» порталы, аудио жана видео жаздыруу аппараттык тутуму, ошондой эле өлкөнүн сот системасынын маалыматтарын иштеп чыгуу борбору туурасында айтып беришти.


Мамлекет башчысы андан ары Жогорку соттун имараты менен таанышып, Кыргызстандын судьялар корпусу менен жолугушту.


Сот системасын санариптештирүү — бул өлкөбүздүн сот өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү сапаттык жаңы деңгээли. Жарандар үйүнөн чыкпастан, доо арызын бере турган, сотко көрсөтмө бере турган, сот өндүрүшүнүн этаптарын жана башка көптөгөн нерселерди биле турган күнгө өлкө ишенимдүү кадам таштоодо.