KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын мамлекеттик кызматкерлери ант беришти

25 июля 2019

2019-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызматы жөнүндө” Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматкерлер Башкармалыктын жетектөөчү адиси жана Кара-Буура райондук Соттук-аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоону жана өз милдеттерин мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк, айкын жана ыктыярдуу принциптери менен аткарууну жана Кыргызстандын элине кызмат кылуу тууралуу ант беришти.


Бул мамлекеттик кызматкерлерине Башкармалыктын жетекчиси Чакиев А.М. жана башкармалыктын кызматкерлери коштоо сөздөрүн айтышты. Анда, кызматта, өз милдеттерин так аткарууну, дайым билимин жогорулатууга аракет кылууну жана берген анттары бек турууга чакырып кетишти.


Бүгүнкү күндө, 2019 –жылга карата штаттык ыраттамага ылайык, Талас облусунда 10 сот аткаруучусу иштеп жатат.