KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад шаардык сотунун турак жайдан чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарлды

22 июля 2024

Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу тарабынан Жалал-Абад шаардык сотунун карызкорлор Я.А.И., Я.С.А., Я.З.Д., Я.С.И., Я.С.Б. Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн башка турак-жай бербестен чыгаруу тууралуу чечими мажбрлап аткарылды.


Аткаруу барагы 2024-жылдын 2-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунан келип түшкөн.


Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкорлорго аткаруу документинин талабын ыктыярдуу түрдө 10 (он) жумушчу кундүн ичинде аткаруу тууралуу сунуш тапшырылган.


Бирок карызкорлор аткаруу документинин талаптарын өз ыктыяры менен аткарбагандыктан, 2024-жылдын 18-июль күнү саат  09:00 го мажбур иретинде турак-жайдан чыгаруу дайындалып, бул тууралуу карызкорлор жана тийиштүү мекемелер кабардар болушкан.


Жыйынтыгында белгиленген күнү тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнүн жана күбөлөрдүн катышуусунда  аткаруу барагынын талаптары толугу менен аткарылып, акт түзүлүп, турак жай тил каттын негизинде өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.