KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Турак жайдан чыгаруу жөнүндө Кара-Суу райондук сотунун чечими мажбурлап аткарылды

26 января 2023

Ош облусунун Кара-Суу райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 27-июлундагы карызкор Г.К. башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды.


Аткаруу барагы Кара-Суу райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө 2022-жылдын 28-июлунда аткарууга келип түшкөн.


Аткаруу документин 10 жумушчу күндүн ичинде ыктыярдуу аткаруу сунушу акыркы жолу 2023-жылдын 13-январында Г.К. га берилген, бирок карызкор тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.


Жыйынтыгында күбө калыстардын катышуусунда 2023-жылдын 24-январында карызкор Г.К. үй-бүлө мүчөлөрү менен турак жайдан мажбурлап чыгарылып, акты түзүлгөн.