KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун үйдөн чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткартылды

12 февраля 2024

2024-жылдын 09-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот аткаруучусу тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 15-июлундагы карызкорлорду Бишкек шаарында жайгашкан турак үйдөн чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 08-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 15-июлундагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 12-сентябрындагы аныктамасы күчүндө калтырылган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2024-жылдын 31-январындагы буйругунун негизинде 2023-жылдын 02-мартындагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан карызкорлорду турак үйдөн чыгаруу жөнүндө берилген аткаруу өндүрүшү Бишкек шаарынын Свердлов райондук САКБдан алынып, Биринчи май райондук САКБнын сот аткаруучусуна аткарууга өткөрүлүп берилген.


Аталган аткаруу барактары боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук САКБнын сот аткаруучулары тарабынан аткаруу өндүрүшү 2023-жылдын 10-мартында башталган.


Кыргыз Республикасынын  «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 50-беренесине ылайык карызкорлорго соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш 2023-жылдын 15-мартында берилген. Бирок карызкорлор тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Бишкек шаарынын Свердлов районунун САКБнын сот аткаруучулары карызкорлорду мажбурлап чыгарууга бир нече жолу аракет кылышкан. Карызкорлор мажбурлап чыгаруу жөнүндө бир нече жолу кабардар болушкан. Ар кандай себептер менен мажбурлап аткаруу бир нече жолу кийинкиге калтырылган. Аткаруу өндүрүшүнүн материалдарында соттун чечимин өз алдынча аткаруу тууралуу карызкордун бир нече милдеттенмелери катталган.


Белгиленген күнү карызкорлор, алардын туугандары жана алар тарабынан тартылган бөтөн адамдар тарабынан күч колдонуу жана коркутуу жолу менен соттун чечимин аткарууга тоскоолдук кылуу боюнча активдүү чаралар көрүлдү. Карызкор өзүн жана жашы жете элек үч баласын бензин чачып өрттөп өлтүрүп, газ түтүгүн бузам деп коркутуп жатты.


Соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМнин, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун САКБнын, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин атайын техникалары менен бир катар кызматкерлери, Бишкек шаарынын медициналык тез жардам ооруканасынын, Бишкек шаарынын Свердлов районунун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана башка кызматтар тартылган. Газ колдонуу менен өрттөө коркунучун жоюу максатында Бишкекгаз Авариялык кызматы чакырылды.


Натыйжада, 2024-жылдын 09-февралында аткаруу барактарынын талаптары толук көлөмдө мажбурлап аткарылды. Карызкорлор К.Т.К., Э.Н.К. жана Э.М.Н. жашы жете элек балдары менен бирге мыйзамсыз ээлеп турган турак үйдөн мажбурлап чыгарылып, бул тууралуу күбөлөрдүн катышуусунда акт түзүлдү. Карызкорлордун арызына ылайык алардын мүлктөрү тизмектелген жок жана буга байланыштуу алар буюмдарын жана эмеректерин өздөрү чыгарып кетишти.