Талас облусунун Талас райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан Талас райондук сотунун 2022-жылдын 11-майындагы карызкор С.К., С.Б., С.К., жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды.
Буга чейин жоопкерлер тарабынан берилген арыз, өтүнүчтөрдүн негизинде аткаруу өндүрүшү токтотулуп жана кайра башталып келген.
Жыйынтыгында күбө-калыстардын жана сот приставдардын катышуусунда 2023-жылдын 1-февралында карызкор С.К., С.Б., С.К., жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен турак жайдан мажбурлап чыгарылып, акты түзүлгөн. Турак жайдан чыгарылган мүлктөр карызкорлорго өткөрүлүп берилген.