KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Соттук-укуктук реформанын алкагында чечиле турган көптөгөн маселелер турат

20 февраля 2020

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча Комитетинин көчмө жыйыны учурунда билдирди. Көчмө жыйындын алкагында аталган Комитеттин мүчөлөрү Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондук жана Токмок шаардык сотторунун имараттарынын абалдары жана Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыгышты.


Ысык-Ата райондук сотунда болгону 2 соттук зал бар. Ал эми Чүй райондук соту менен Токмок шаардык соту бир эле имаратта жайгашып, эки сот үчүн бир гана сот залы каралган. Бул имараттар тийиштүү талаптарга жооп бербейт, соттук отурум өтүүчү залдар жетишсиз. Кызматкерлердин  иш бөлмөлөрү тар болуп, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындан тышкары жабырлануучулар менен айыпталуучуларды өз-өзүнчө жайгаштырууга шарт түзүлгөн эмес жана коопсуздук маселеси да курч турат.


Гульбара Калиева бүгүнкү күндө сот-укуктук реформанын алкагында жаңы имараттарды салуу, айрымдарын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тийиштүү иш аракеттер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.


Көчмө жыйындын отурумунда КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов аткаруу өндүрүшүнүн маселелери жана көйгөйлөрү боюнча баяндама жасап, анда аткаруу документтеринин тийиштүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгынын себебин аткаруу тартибинин жана көзөмөлдүн начардыгы, эмгек маянанын аздыгы, транспорттун жоктугу, карызкорлордун жоопкерчилик маселелери толук чечилбегендиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында сот аткаруучулардын эмгек маянасы 10000 сомдун гана тегерегинде. Ал эми кээ бир сот аткаруучулар соттук актыларды аткаруу үчүн 200 км алыстыкта жайгашкан айылдарга чейин барууга мажбур болушат.


Мындан тышкары, көчмө жыйындын күн тартибине негизги маселе катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-мартындагы №112 токтому менен бекитилген “2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун кароо, “Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорлору каралып, Комитет тарабынан бир катар тийиштүү чечимдер кабыл алынды.