KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Мамлекеттик органдардын бир катар кызматкерлери Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты

27 декабря 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде мамлекеттик органдардын кызматкерлерин Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо аземи болуп өттү.


Сот департаментинин директору Медербек Сатыев мамлекеттик органдардын бир катар кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери, ошондой эле өз ара кызматташууну жүзөгө ашыргандыгы үчүн төш белгилерди жана Ардак грамоталарды тапшырды.


Ошондой эле пенсионерлер Халниса Джаманкеева, Колдошбай Шамшиев жана Оторбай Джаркимбаев «Сот департаментинин ардагери» медалы менен сыйланышты.