KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын курама командасы мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы кичи-футбол боюнча мелдеште биринчи орунга ээ болду

25 июня 2024

Каракол шаардык пляжында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата Ысык-Көл облусунун мамлекеттик кызматкерлеринин арасында кичи-футбол, волейбол жана стол тенниси боюнча облустук спартакиада болуп өттү.




Мелдеште Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун, облустук мамлекеттик мекемелердин, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын курама командалары ат салышты.




Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын курама командасы кичи-футбол боюнча мелдеште I орунга, ал эми стол тенниси боюнча команда III орунга ээ болушту. Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү активдүү катышкандыгы үчүн жеңүүчү командаларга баалуу белектерди ыйгарды.




Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүүгүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.