KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун сот аткаруучулары менен сот приставдарынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөрүлдү

26 января 2024

2024-жылдын 25-январында Чүй облусунун сот аткаруучуларынын, сот приставдарынын 2023-жылдын 12 айындагы ишинин жыйынтыктары чыгарылды.


Жыйынга Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев, Чүй облусунун улук сот приставы Токтобек Абелдиев, облустук башкармалыктын кызматкерлери жана аталган облустун Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучулары (САКБ) менен Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдары (СПКБ) катышышты.


Коллегиянын жүрүшүндө Чүй облусунун сот аткаруучуларынын жана сот приставдарынын өткөн жыл ичинде аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү, сот аткаруучулардын иш жүктөмдөрү, соттук актыларды жана башка мамлекеттик органдардын актыларын өз убагында жана натыйжалуу аткаруу маселелери талкууга алынып, сот аткаруучулардын аткаруунун натыйжалуулугу, алименттик иштер, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмдөрүнүн токтомдорунун аткарылышы боюнча маалыматтар берилди.


Берилген отчетторго ылайык Чүй облусунун райондорунун жана Токмок шаардык САКБ-нүн сот аткаруучулары тарабынан 2023-жылдын 12 айында 75 257 аткаруу документтери катталган, анын ичинен 39 769 аткаруу документи аткарылган. Аткаруу документтеринин аткарылышынын пайыздык көрсөткүчү 53% түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 11% га жогорулаган, 2022-жылы пайыздык көрсөткүч 42% түзгөн.


Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев Чүй облусунун сот аткаруучуларынын, сот приставдарынын аткарган иштеринин негизги көрсөткүчтөрүн жана натыйжаларын талкуулап, сот актыларын жана башка мамлекеттик органдардын актыларын аткаруудагы көйгөйлүү маселелерге токтолуп, аларды чечүү жолдорун сунуштады жана аткаруу өндүрүшүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга чакырды. Ошондой эле, сот приставдардын ишмердүүлүгү боюнча мажбурлап аткаруу токтомдорду өз убагында аткаруу жана соттордун имараттарынын коопсуздугун камсыздоо жана кайтаруу боюнча милдеттерин так аткарууга чакырды.


Жолугушуунун соңунда ак ниет жана үзүрлүү эмгеги, иштөөнүн сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн төмөнкү кызматкерлер Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланышты:



  1. Жусуп кызы Надира — Чүй облусунун Ысык-Ата райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы;

  2. Рыскелдиева Бурул Суйундиковна — Чүй облустук башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

  3. Рахманкулов Бекмамат Алмазбекович — башкармалыктын кадр иштерин камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

  4. Ногойбаева Гулнуру Айтыевна — Чуй облусунун Токмок шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу;

  5. Кубанычбек кызы Айпери — Чуй облусунун Чүй райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу. Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Николаева Светлана Викторовнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизилди.