Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде сот приставдары үчүн атайын комплекстүү окуулар өткөрүлүүдө.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы – Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова “Сот департаментинин сот приставдары кызматынын ишинин ченемдик укуктук базасы жана Сот приставдарынын укуктук макамы (статусу)” аталыштагы темада лекцияны, Сот департаментинин СПКнын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Жаназар Жумагулов “Укук бузуулар жөнүндө административдик протоколдорду түзүү жана аларды кароо тартиби” жөнүндө темада, ал эми Бишкек шаарынын Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Сапар Оморов “Мажбурлоо жана бөгөт коюу чаралары, аларды сот приставдары кызматынын ишинде колдонуу жана дене-тарбия теориясы боюнча даярдануу” темасындагы лекцияларды окушту.
Белгилей кетсек, кийинки аптада КРнын ИИМдин генерал-майор Э.А. Алиев атындагы академиясынын базасында сот приставдарынын колдонуусунда болгон атайын каражаттарды, ок атуучу куралды алып жүрүү, колдонуу жана саптык даярдык жаатында окуу уюштуруу күтүлүүдө.
Сот департаменти өзүнүн структуралык түзүмүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана КРнын ИИМдин генерал-мойор Э.А. Алиев атындагы академиясынын базасында окутууларды уюштуруу жана кызматташуулардын үстүндө иш алып барып келет.