KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарандарга Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган жана өзгөртүү киргизилген кодекстери боюнча ачык семинар өткөрүлдү

15 мая 2019

Ысык-Көл облусунда Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган жана өзгөртүү киргизилген кодекстери боюнча түшүндүрүү семинар өткөрүлдү. Семинарга Сот департаментинин кызматкерлери, Каракол шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Р.Д.Илипаев, Түп райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Б.А.Оболбеков, Жети-Өгүз райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу М.К.Бекеев, Ак-Суу райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.М.Алымбаева жана Каракол шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Г.Токошевалар катышышты.


Семинардын максаты болуп,  2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган кодекс, мыйзамдары жөнүндө жарандарга кеңири маалымат берүү эсептелет.  Семинардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн кызыктырган баардык суроолоруна жооп ала алышты. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгүн алимент өндүрүү боюнча жана төлөөдөн баш тарткан карызкорлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө түздү.