KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери аскердик парадга катышууга даярданууда

28 августа 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын жана Нарын облусунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33-жылдыгына карата Нарын шаарында өткөрүлө турган аскердик парадга катышуу үчүн даярданып жатышат. Аскердик бөлүктөр, ички иштер башкармалыктары, бажы кызматы жана мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринен турган команда парадга катышуу жана машыгуу боюнча даярдыктарын көрүүдө.


Белгилей кетсек, 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жана эгемендүүлүгү жарыяланган. Ошол күндөн тартып өлкө өнүгүү жолунда өз тарыхый тандоосун жасаган. Кыргызстан бүгүнкү күндө эл аралык коомчулукта эгемен өлкө катары, адам укуктары жана эркиндиги толук сакталган мамлекет катары таанылууда.


Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү ар бир кыргызстандык үчүн элдин биримдигин сактап, ынтымакты бекемдөө максатында маанилүү майрам болуп саналат.