KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

17 апреля 2021

2021-жылдын 17-апрелинде республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери жакын жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, тазалоо жана жашылдандыруу боюнча кезектеги ишембиликти өткөрүштү.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер айлана-чөйрөнү тазалап, газондорду жана тротуарларды куураган жыгачтан жана жалбырактардан тазалап, бак-дарактарды акташты, ошондой эле имараттын ичин тазалашты.


Сот департаментинин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында мөмөлүү бактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  тарабынан сот органдарынын арасында “Жашыл сот” аталышындагы сынак жарыяланган.  Сынак  Кыргыз Республикасынын  сотторунун,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы  Сот департаменти жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин арасында   өткөрүлөт.


Сынактын максаты – айлана-чөйрөнү коргоону пропагандалоо, бак-дарактарды тигүү, ишембиликтердин салтын өркүндөтүү болуп саналат.


Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакированын демилгеси менен уюштурулуп жатат.