KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

03 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 3-апрель 2021-жылы ишембиликке чыгышты. Сот департаментинин кызматкерлери баш калааны санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында Ленин районунун Д.Куюков көчөсүнөн Камбар-Ата көчөсүнө чейин А.Чортеков көчөсүнүн аймагын тазалап, ирээтке келтиришти. Бул территория Сот департаментине Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан  тазалоо үчүн бекитилген.


Борбордук аппараттын кызматкерлери жана жетекчилиги аталган территорияны таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн жана кургатылган жалбырактардан тазалашты. Ошондой эле, бүгүн Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты.


Республика боюнча жеринде сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн жана сот приставдар кызматынын кызматкерлери соттордун административдик имараттарынын жанындагы аймактарды таштандылардан тазалашты.


Айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чарасына Сот департаменти мындан ары да активдүү катыша бермекчи.