Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын социалдык инсфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу максатында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2019-жылдын 1-мартындагы буйругун ишке ашыруу демилгесинде Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 16 март жана 23 мартында атайын ишембилик уюштурулуп өткөрүлгөн.