KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот аткаруучулар жыл жыйынтыгын чыгарды

24 февраля 2021

Бүгүн 24-февральда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот актыларынын жана башка органдын актыларынын аткарылышы боюнча сот аткаруучулардын  ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү.


Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Аткаруу кызматынын жетекчиси Кубанычбек Капалов,  Сот департаментинин облустардагы башкармалыктарынын башчылары жана сот аткаруучулар  катышышты.


2020-жылдын 4 кварталында республика боюнча аткарууда 191 313 аткаруу документи болгон (2019-жылга (92 993) салыштырмалуу 98 320 аткаруу документ көп түштү) алардын ичинен алименттик төлөмдөр боюнча 47 351 аткаруу документи (2019-жылга (44 384) салыштырмалуу 2 967 аткаруу документтерге көп түшкөн).


Аталган кеңешмеде сот актыларынын жана башка органдын актыларынын аткарылышы боюнча акыркы беш жыл  аралыгына салыштырмалуу анализ жасалып, жылдан-жылга аткаруунун пайызы азайып, 30 пайызга жетпеген жыйынтык аныкталган. Мындай көрсөткүчтүн негизги себептеринин бири катары 2019-жылдын 1-январынан  баштап кирген жаңы кодекстер боюнча сот актыларынан башка 29 ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актыларын мажбурлап  аткаруу, ошондой эле, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пулдар салынган токтомдорду мажбурлап  аткаруу жагы жүктөлгөнүн белгиленди.


Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова сотторго болгон ишенимди жогорулатуу сот актыларынын аткарылышынан көз каранды экенин баса белгилеп өттү.


Ошондой эле аталган жыйында сот аткаруучулар тарабынан сот аткаруучулардын статусу, алардын социалдык камсыздоо, коопсуздугу боюнча бир катар маселелер көтөрүлүп, сот актыларын жана башка мамлекеттик органдардын актыларын аткаруудагы көйгөйлүү маселелерге токтолуп, анын чечүү жолдорун сунушташты.


Сот аткаруучулар тарабынан айтылган сунуш ой-пикирлерди эске алуу менен, сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана мүмкүн болгон шарттарды түзүү керек экени белгиленди.


Учурда бир сот аткаруучунун бир айлык жүктөмү 76 аткаруу документин түзүп, жүргүзүлгөн функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча бир айлык сот аткаруучунун жүктөмү 19 аткаруу документинин аткарылышын камсыз кылууга туура келет. Жалпы республика боюнча 57 сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүндө 203 сот аткаруучу эмгектенип келген. Жүктөмдөрдү эске алуу менен 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта 177 штаттык бирдик кошулуп, жалпысынан 380 сот аткаруучунун иш алып баруусу күтүлүүдө.