Талас облусунун Талас району боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн жаңыдан дайындалган сот приставы салтанаттуу түрдө ант берди.
Талас облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Калыс Анарбеков сот приставынын антын кабыл алып, ага кызматтык төш белгисин тапшырды. Ант берген айым сот приставын куттуктап, кызматындагы бийик жетишкендиктерди каалап, жүктөлгөн милдеттерди ак ниет жана мыйзам талабына ылайык аткарууга чакырды.