KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Республиканын сот аткаруучуларына алгачкы кызматтык автоунаалар тапшырылды

22 декабря 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында сот аткаруучуларга алгачкы жолу республикалык бюджеттен сатылып алынган 47 даана жаңы Jac G7 үлгүсүндөгү кызматтык автоунааларды тапшырды.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, анын орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова, Сот департаментинин кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставдар катышышты.


Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча алгылыктуу кадамдар жасалып жатканын, ал үчүн республикалык бюджеттен сот тутумуна 2023-жылы 3 млрд 558 млн 53 миң сом бөлүнгөнүн, ал эми 2024-жылга 3 млрд 273 млн 291 миң сом каралганын, кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайыздан 275 пайызга чейин жогорулаганын белгиледи.


Андан соң Замирбек Базарбеков автоунаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырып, куттуктоо сөзүн айтты.


«Бүгүн сот тутумунун тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири деп айтсам жаңылышпайм. Анткени эгемендүү өлкөбүздүн 32 жылдык тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен сот аткаруучуларга 47 жаңы кызматтык автоунаа сатылып алынып, өткөрүлүп берилип жатат.


Мамлекет тарабынан сот тутумуна бөлүнгөн каражатка сатылып алынган бул кызматтык унаалар сот аткаруучулардын биздин элге кызмат кылуусуна, тактап айтканда соттордун чечимдерин жана мамлекеттик органдардын актыларын реалдуу, толук жана ыкчам аткарууга өбөлгө болот деп ишенем», — деди төрага өз сөзүндө.


Ошондой эле мамлекет башчысы Садыр Жапаров сот системасына ар тараптуу колдоо көрсөтүп, анын ичинде сот аткаруучулар менен сот приставдарын кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу маселелерин чечип берип жаткандыгы баса белгиленди.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында 57 Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрү бар, өлкө боюнча жалпы 380 сот аткаруучу кызмат кылат, алардын 57си улук сот аткаруучу. Келерки жылы 10 кызматтык автоунаа калган Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнө сатылып берилмекчи.