Манас райондук сотунун 2023-жылдын 19-январындагы мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомунун негизинде 2023-жылдын 25-январында Талас облусунун Манас райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары М. Джекшемалиев жана Н.Конушбаев тарабынан жабырлануучулар С.М., А.О., К.А. жана айыпталуучу Б.В. сот отурумуна катышуу үчүн белгиленген мөөнөтүнө жеткирилип, соттун токтому толук кандуу аткарылды.