KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун Манас району боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары тарабынан мажбурлап алып келүү ишке ашырылды

25 июля 2024

2024-жылдын 24-июлунда Манас райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары тарабынан күбөнү мажбурлап алып келүү ишке ашырылды.


 2024-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл облустук соту тарабынан күбөнү сот отурумуна катышуу үчүн мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарылган. Аталган токтом Талас облусунун Манас райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Н. Конушбаев тарабынан аткарууга кабыл алынып, күбө С.И. сот отурумуна катышуу үчүн белгиленген мөөнөттө жеткирилип, соттун токтому толук кандуу аткарылды.