KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Судьялар жана сот приставдары студенттерге лекция окушту

24 мая 2019

Студенттердин укуктук билим денгээлин жогорулатуу максатында Талас областынын райондор аралык сотунун төрагасы Нурман Нартаев жана судьясы Темирбек Ибраимов, ошондой эле Талас областынын сот приставдар кызматынын улук соттук приставы Сулайман Алымкулов, Талас мамлекеттик университетинин алдындагы ОСПО Талас колледжинин “Укук тануу” кесиби боюнча 2-курсунун студенттерине лекция окушту.


Лекцияда судьялар сот тутумунда болуп жаткан соттук-укуктук реформалар жөнүндө, 1-январь 2019-жылдан баштап сот өндүрүшүндө колдонулууга кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти, анын ичинен экономикалык жана административдик иштердин каралуусунун өзгөчөлүктөрү боюнча, ошондой эле автоматташтырылган-маалыматтык система жөнүндө кеңири маалыматтарды чагылдырышты жана соттук-укутук реформадан тышкары сот тутумунда өтүп жатан иш-чаралар жөнүндө айтышты. Мындан тышкары, Талас областынын сот приставдар кызматынын улук соттук приставы Сулайман Алымкулов аткаруу өндүрүшү жөнүндө, соттук приставдар институтунун киргизилишин жана алардын функционалдык милдеттери жөнүндө маалымат берди.


Ал эми, студенттер судьяларга жана соттук приставга кызыгуу жараткан суроолорун узатышты жана аларга толук жоопторун алышып, ошондой эле, соттун ишмердиги жөнүндө практика жүзүндө тааныштырууну суранышты жана бул сураныч судьялар тарабынан канааттандырылаарын билдиришти.


Лекциянын аягында, Талас областынын райондор аралык сотунун төрагасы Нурман Нартаев жана судьясы Темирбек Ибраимов, ошондой эле Талас областынын сот приставдар кызматынын улук соттук приставы Сулайман Алымкулов, студенттерге юрист кесибин өздөштүрүүдө ийгилик каалап кетишти.