KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын ички резервин түзүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды

01 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын  1-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгында буга чейин  облустук башкармалыктын ички кадрлар резервин түзүү максатында жарыяланган сынактын талапкерлер менен маектешүү этабы өткөрүлдү.


Конкурстук тандоого катышуу үчүн 17 талапкер документтерин тапшырып, тестирлөөнүн жыйынтыгында 4 талапкер гана босого баллдан өткөн.


4 талапкер   аңгемелешүүдөн өтүп, конкурстук комиссиянын чечими менен облустук башкармалыктын ички кадрлар резервине киргизүүгө сунушталмакчы.


Белгилей кетсек, облустук  башкармалык тарабынан 2023-жылдын  1-февралынан баштап «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн кайрадан сынак жарыяланды. Документтер жарыя чыккан күндөн тарта 10 иш күн аралыгында, тактап айтканда 2023-жылдын 1-февралынан баштап 14-февралына чейин кабыл алынат.