KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл облусунда өндүрүлгөн мамлекеттик алымдарды өндүрүү иштерин өркүндөтүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү

04 октября 2019

2019-жылдын 25-сентябрь айында Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунда 2016-2019-жылдар аралыгында өндүрүлгөн мамлекеттик алымдарды өндүрүү иштерин өркүндөтүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан жүргүзүлүп жаткан сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот актыларынын аткарылышын жакшыртуу боюнча иш чараларынын алкагында райондор аралык соттун иш планына ылайык өткөрүлдү.


Ошону менен бирге жолугушуунун дагы бир максаты – соттордун жергиликтүү бийлик органдары менен жер-жерлерде жолугушуу өткөрүп, сот реформасы алкагында пайда болуп жаткан ар кандай маселелерди талкуулап, сотко ишенимди арттыруу болуп саналаары айтылды.


Жолугушууга Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун төрагасы Тагаев М.М., судьясы Даркимбаев Т.К., Каракол шаардык САКБнүн улук сот аткаруучусу Джаманкеева Х.А., Жети-Өгүз райондук САКБнүн улук сот аткаруучусу Токоева Р.Р., Ак-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу Алымбаева А.М., Түп райондук САКБнүн сот аткаруучусу Акымбаев А.К., сот аппаратынын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл областынын райондук/шаардык Башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө сот тарабынан аткарууга берилген, аткарылган жана аткаруудагы жарандар жана юридикалык жактардан мамлекеттик алымды өндүрүү жөнүндө аткаруу барактары тууралуу маалыматтар айтылып, андан соӊ катышуучулар учурдагы маселелер боюнча кызуу талкууга өтүштү.


Салык кызматынын өкүлдөрү жана сот аткаруучулар мамлекеттик алымды өндүрүүдө өз ара аракеттенүүнү нормативдик түрдө жөнгө салуу зарыл экендигин белгилешти.


Ошондой эле, мамлекеттик алым республикалык бюджетке төлөнөөрү өзгөчө эске алынуусу эскертилип, салык кызматы тарабынан мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча баардык мыйзамда өндүрүп алуучу үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр пайдаланышына көӊүл бурулуусу керектиги айтылды.


Жолугушуунун соӊунда катышуучулар мындай жолугушууларды жылына эки жолу өткөрүп турууну макулдашышты.