KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунда электрондук документ жүгүртүү тутуму боюнча окутуу өттү

22 июля 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын жетекчилигине жана кызматкерлерине электрондук документ жүгүртүү тутуму боюнча тренинг өткөрүлдү. Окутуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулду.


Тиешелүү чөйрөнүн адиси теориялык жана практикалык ыкма менен Сот департаментинин облустук башкармалыгынын кызматкерлерин электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү жана анын жаңылыктары жөнүндө тааныштырды. Окутуу учурунда тренер катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берди.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облусу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн жакын арада дагы бир тренинг уюштурулмакчы.


Электрондук документ жүгүртүү тутуму документтер түзүлгөн же алынган учурдан тартып аткаруу же жөнөтүү аяктаганга чейин кыймылын, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан документтерди даярдоону, тариздөөнү, макулдашууну, аткарылышын контролдоону камсыз кылат. Мындан ары бул документтин кагаз түрүндөгү версияларынан баш тартууга жардам берет жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандардын жана мамлекеттик органдардын убактысын кыйла үнөмдөйт.