Нарын областтык Сот департамент башкармалыгы, коронавирус илдэтине каршы профилактикалык иштерин жүргүзүү максатында Нарын шаарынын жана райондорунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору менен келишим түздү. Келишимге ылайык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери Нарын облусунун жергиликтүү сотторунун административдик имараттарын жумасына бир жолу дезинфекция кылып туурары белгиленген.
2020-жылдын 27-мартында Нарын областтык Сот департамент башкармалыгынын жана Нарын шаардык сотунун административдик имаратында дезинфекциялоо иштери болуп өттү.