KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын шаардык сотунда өндүрүлгөн мамлекеттик алымдарды өндүрүү иштерин өркүндөтүү боюнча тегерек стол болуп өттү

28 февраля 2020

Нарын шаардык сотунда өндүрүлгөн мамлекеттик алымдарды өндүрүү иштерин өркүндөтүү боюнча тегерек стол болуп өттү.


Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан жүргүзүлүп жаткан сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот актыларынын аткарылышын жакшыртуу боюнча иш чараларынын алкагында өткөрүлдү.


Жолугушууда Нарын шаардык сотунун төрайымы Сейдакмат кызы Назира, Нарын шаардык сотунун  судьялары, Нарын райондук САКБнүн улук сот аткаруучусу Т.Маатов., Нарын шаардык, райондук САКБнүн сот аткаруучулары, башкармалыктын башкы адиси С.Акматалиева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгынын өкүлү Г.Аскалиевалар катышышты.


Салык кызматкерлери менен сот аткаруучулардын бирге иш алып барууда чыгып жаткан көйгөйлөр, аткаруу документтеринин аткаруу мөөнөттөрүү жана аткаруу жоопкерчилик, ошондой эле сот аткаруучулар менен салык органынын кызматкерлеринин тыгыз иштөө  механизмдери талкууланды.


Тегерек столдун катышуучулары, сот аткаруучулардын жана салык кызматкерлеринин чогуу иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн байкоо максатында, бир айдан кийин кайрадан жолгууну  чечишти.