KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында сот аткаруучулардын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

02 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустук башкармалыктарында аталган облустардын сот аткаруучуларынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.


Кеңешмелерге аталган облустук башкармалыктарынын башчылары менен кызматкерлери, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын сот аткаруучулары катышышты.


Жыйындарда өткөн жылы аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү жана натыйжалары, сот актыларын жана башка органдардын актыларын өз убагында жана натыйжалуу аткаруу маселелери талкууланды.


Ош облустук башкармалыгынын отчеттуна ылайык карыздарды аткаруу жана өндүрүү боюнча өткөн жылга салыштырмалуу оң динамика (өсүш) белгиленген. Алсак, 2023-жылы 89 397 аткаруу документтери келип түшүп, алардын ичинен 45 563 документ толук аткарылган, бул жалпы аткаруу көлөмүнүн 51% түзөт.


Өз сөзүндө Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов сот аткаруучуларды мыйзамдуулукту сактап, аткаруу документтерин өзубагында, толук жана натыйжалуу аткарууга, көрсөткүчтөрдү жогорулатууга, паракорлукка  жол бербөөгө, мамлекеттик кызматчынын этикасынын принциптерин жана ченемдерин бекем сактоого жана жарандарга сылык мамиле кылууга чакырып, сот аткаруучулардын иштерине ийгиликтерди каалады.


Ал эми Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Данияр Сейтказиев облустун сот аткаруучуларынын аткарган иштеринин негизги көрсөткүчтөрүн жана натыйжаларын талкуулап, сот актыларын жана башка мамлекеттик органдардын актыларын аткаруудагы маселелерге токтолуп, аткаруу өндүрүшүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга чакырды.