Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында сот аткаруучулардын 2024-жылдын 6 ай боюнча ишмердүүлүгү жыйынтыкталган кеңешме болуп өттү.
Аталган кеңешмеге областтык башкармалыктын башчысы, башкармалыктын бөлүм башчылары жана облустун бардык район, шаарларынын сот аткаруучулары катышышты.
Жыйында сот аткаруучулардын 6 ай ичинде аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү жана натыйжалары, сот актыларын жана башка органдардын актыларын өз убагында жана натыйжалуу аткаруу маселелери талкууланып, сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнүн сапатына баа берилди.
Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов өз сөзүндө сот аткаруучуларды мыйзамдуулукту сактоо менен аткаруунун көрсөткүчтөрүн жогорутулатууга жана коррупциялык иш-аракеттерге жол бербөөгө чакырды.