Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү жана жумуш орундарын керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу максатында Сот департаментине 35 даана компьютердик жабдуулар берилди. Бул жабдуулар «Аткаруу өндүрүшү» автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу менен сот аткаруучулардын ишин электрондук форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Аталган жабдыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевге Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын эскперти Динара Идирисова менен болгон жолугушууда тапшырылды.
Ошондой эле, жолугушууга Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев, Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев катышты.
Өз кезегинде Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү — 2-фаза» программасы тарабынан сот аткаруучуларга баа жеткис колдоо көрсөтүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал «аткаруу өндүрүшү» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аткаруу документтерин ыкчам аткаруу боюнча милдеттерди чечүүгө, сот аткаруучуларга болгон жүктү азайтууга, сот актыларын аткарууга байланыштуу документтерди жүгүртүүнү кыскартууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. У.Кожомбердиев Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгү — 2-фаза» программасына эки тараптуу жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.


