KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жогорку сот жана Сот департаменти Кубанычбек Капаловдун апасы дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтат

25 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жетекчилиги жана аппарат кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот аткаруучулар кызматынын башчысы Кубанычбек Капаловдун апасы Талчакан Аманкулованын мезгилсиз дүйнө  салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Сиздин үй-бүлөңүздүн, туугандарыңыздын жана жакындарыңыздын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.