KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргызстанда алгачкы жолу «Санариптик сот адилеттүүлүк» форуму болуп өттү

07 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 7-сентябрында, Бишкек шаарында «Санариптик сот адилеттүүлүк»  форумунун ачылышы болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков иш-чараны саламдашуу сөзү менен ачып, «Сот» автоматташтырылган маалыматтык тутумун (АМТ), «Аткаруу өндүрүшү» АМТнун, «Санариптик сот адилеттүүлүк» порталын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин онлайн платформасын киргизүү акыркы жылдары сот тутумундагы көпчүлүк процесстерди автоматташтыруу боюнча чоң кадам жасалгандыгын белгиледи.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «Сот»  АМТ, «Аткаруу өндүрүшү» АМТ боюнча презентациялар өткөрүлүп, «Санариптик сот адилеттүүлүк» порталы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуу платформасы жөнүндө кеңири баяндалды. Прзентация: АМТ «АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ»  


«Аткаруу өндүрүшү» АМТ  —  бул автоматташтырылган маалыматтык система. Аталган тутум өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда сот аткаруучулардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, иштөө процесстеринин ички автоматташтыруусун камсыз кылат.


“Аткаруу өндүрүшү» АМТ иш кагаздарын жүргүзүү, мамлекеттик органдардын маалымат базаларынан маалыматтарды алуу, сот аткаруучулардын процесстик иш-аракеттерин онлайн режиминде ишке ашыруунун, аткаруу өндүрүшүнүн бирдиктүү базасын жүргүзүүнүн жана контролдук функцияны онлайн режиминде ишке ашыруунун эсебинен бардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишине мониторинг жүргүзүүнүн процесстерин оптималдаштырат.


Форумдун экинчи бөлүгүндө катышуучулар сот адилеттүүлүгүн санариптик трансформациялоо, анын чакырыктары жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты. Бардык суроолорго маңыздуу жооптор берилди.


Форумдун ишине Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон, миссия башчысынын орун басары, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Давид Вестенфельдер, “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер, ошондой эле, сот органдарынын өкүлдөрү, Министрлер Кабинети жана эле эл аралык уюмдар катышышты.


Белгилей кетсек,  «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү – 2-фаза» Программасынын көмөгү менен сот адилеттүүлүгү органдарынын ишине киргизилген инновациялык санариптик чечимдер жөнүндө маалымат берүү үчүн 2022-жылдын аягына чейин уюштурула турган форумдардын сериясынын эң алгачкысы.