KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Соттун үйдөн чыгаруу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими мажбурлап аткарылды

27 июля 2022

2022-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан Бишкек шаарында жайгашкан батирден А.С. аттуу жаранга башка турак жай бербестен, чогу жашаган бардык адамдар менен бирге үйдөн чыгаруу жана 700 сом өлчөмүндө төлөнгөн мамлекеттик алымды М.Н. аттуу жарандын пайдасына өндүрүп берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими мажбурлап аткарылды.


Карызкордун туугандары жана алар чакырган бөтөн адамдар тарабынан физикалык күч жана коркутуу колдонуу менен соттун чечимин аткарууга тоскоолдук кылуу боюнча активдүү чаралар көрүлдү.


Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын ӨКМнин кызматкерлери тартылган.


Аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу сунушу карызкорго өз убагында берилген, бирок карызкор тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.


2022-жылдын 28-июнуна белгиленген аткаруу өндүрүшүн мажбурлап аткаруу, тагыраагы  үйдөн чыгаруу өндүрүп алуучунун аракетсиздигине байланыштуу  2022-жылдын 26-июлуна калтырылган. Себеби өндүрүп алуучу тарабынан көчүрүү үчүн күч жана каражат жагынан камсыз кылынган эмес.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 99-беренесине ылайык,



  1. Карызкор аны жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде турак жайды бошотпосо, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорду мажбурлап чыгарууну жүргүзөт.


Карызкордун жогу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.



  1. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн турак жайды чыгарылуучудан, анын мүлкүнөн, малынан бошотууну жана чыгарылуучуга бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салууну өзүнө камтыйт.

  2. Жашаган жайынан чыгарып салуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында жашаган жайынан чыгарып салуу жана мүлкүн тизмектөө актысын түзүү аркылуу жүргүзүлөт.

  3. Сот аткаруучу зарыл учурларда тартылган чыгашаларды карызкорго жүктөө менен жашаган жайынын чыгарылып салынган карызкордун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат.


Эгерде карызкор жашаган жайынан чыгарылып салынган күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлгөн мүлкүн алып кетпесе, анда сот аткаруучу көрсөтүлгөн мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга өткөрүп берет.



  1. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн жана аткаруу боюнча чыгашалардын ордун толтургандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат.


Карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.