KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөнкү бош ваканттык мамлекеттик, административдик кызмат ордуларына ачык сынак жарыялайт

30 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөнкү бош ваканттык мамлекеттик, административдик кызмат ордуларына ачык сынак жарыялайт


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин     Ысык-Көл областтык башкармалыгына:


Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнө:


-башкы адиси -2 штаттык бирдик;


Кадр бөлүмүнүн ишин камсыздоо бөлүмүнө


— адис- 1 штаттык бирдик;


Бухгалтердик эсеп отчеттуулук жана сатып алуу секторуна:


-жетектөөчү адис- 1 штаттык бирдик;


-адис- 1 штаттык бирдик;


Балыкчы шаардык САКБнүн улук сот аткаруучу-1 штаттык бирдик;


Түп райондук САКБнүн улук сот аткаруучу -1 штаттык бирдик;


Ысык-Көл райондук САКБнүн сот аткаруучу – 1 штаттык бирдик;


Тон райондук САКБнүн сот аткаруучу – 1 штаттык бирдик;


Ак-Суу райондук СПКБнүн сот приставдары – 1-штаттык бирдик;


Жети-Өгүз райондук СПКБнүн сот приставдары – 5-штаттык бирдик;


Түп райондук СПКБнүн сот приставдары — 2 штаттык бирдик;


Балыкчы шаардык СПКБнүн сот приставдары – 2 штаттык бирдик;


Ысык-Көл райондук СПКБнүн сот приставдары – 4 штаттык бирдик;


Тон райондук СПКБнүн сот приставдары – 3 штаттык бирдик;


Каракол аймактык СПКБнүн сот приставдары – 3 штаттык бирдик;


Баардыгы 29 штаттык бирдик.


 


Башкы адис кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим денгээли:


-юридикалык багыттагы жогорку билими;


2)иш стажы жана тажырыйбасы:


-мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш таржрыйбасы;


3)кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын “Жоруктар жөнүндө”, “Бузуулар жөнүндө” кодекстерин,


— КРнын “Сот приставдар жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, “Соттун өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Курал жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө Мыйзамдарын,


— КРнын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасын,


— КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тууралуу Жобосун билүүсү зарыл;


адис кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим денгээли:


-юридикалык багыттагы жогорку билими;


2)иш стажы жана тажырыйбасы:


— иш таржырыйбасына талап коюлбайт;


3)кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын “Жоруктар жөнүндө”, “Бузуулар жөнүндө” кодекстерин,


— КРнын “Сот приставдар жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, “Соттун өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Курал жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө Мыйзамдарын,


— КРнын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасын,


— КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тууралуу Жобосун билүүсү зарыл;


Бухгалтердик эсеп отчеттуулук жана сатып алуу секторунун жетектөөчү адис жана адис кызмат ордуларына коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим денгээли:


-экономикалык багыттагы жогорку билими;


2)иш стажы жана тажырыйбасы:


— иш таржырыйбасына талап коюлбайт;


3)кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын Бюджеттик кодекси, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө», КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;


Улук сот аткаруучу кызмат ордуларына коюлган квалификациялык талаптар:


1) кесиптик билим денгээли:


-юридикалык багыттагы жогорку билими;


2)иш стажы жана тажырыйбасы:


— сот аткаруучу болуп 3 жылдан кем эмес иш стажы бар;


3)кесиптик компетенттүүлүгү:


-КРнын “Жоруктар жөнүндө”, “Бузуулар жөнүндө” кодекстерин,


— КРнын “Сот приставдар жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, “Соттун өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Курал жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө Мыйзамдарын,


— КРнын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасын,


— КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тууралуу Жобосун билүүсү зарыл;


         —КРнын “Күрөө жөнүндө”, мыйзамдарын билүүгө тийиш;


Сот аткаруучу кызмат ордуларына коюлган квалификациялык талаптар:


   1)кесиптик билим деңгээли:


— юридикалык багыттагы жогорку билими;


2) иш стажы жана тажырыйбасы:


— мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;                        3) кесиптик компетенттүлүгү: 


-КРнын «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» жана «Күрөө жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;


         Сот приставдары кызмат ордуларына коюлган квалификациялык талаптар:


         1) кесиптик билим деңгээли:


— Жогорку билими бар;


         2) иш стажы жана тажырыйбасы:


— мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;


3)кесиптик компетенттүлүгү:


-КРнын «Сот приставдары жөнүндө», «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» жана «Курал жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;


Башкармалыктын башкы адис, жетектөөчү адис жана адистеринин функционалдык-кызматтык милдеттери:


-жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


-маалымат топто, анализдөө систематизациялоо жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо,


-мамлекеттик жана чет өлкөлөрдүн иштерин анализдөө жана практикада колдонуу,


-кызматкерлер менен эффективдүү иштеше билүү,


-иштиктүү кат алышуу,


-жаңы жумуш шарттарына көнүшө билүү ж.б.


Сот аткаруучулардын функционалдык-кызматтык милдеттери:


-аткаруу документинин реалдуу толук жана өз убагында аткарылышы үчүн мыйзамда каралган чараларды көрүү.                                                                                                                                Кыргыз Республикасынын “Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралу” Мыйзамына ылайык иш алып баруу.                                                                       -Областтын башкы сот аткаруучусуна сот аткаруучуну сыйлоо же тартиптик жоопкерчилике тартуу жөнүндө, анын ичинде алар аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берген учурда сот аткаруучуну аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүү ж.б.


         Сот приставдарынын функционалдык-кызматтык милдеттери:


— Сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имаратта, залдарда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;


— процесстик иш-аракеттерди жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү ж.б.;


         Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы, өмүр баяны (соттолбогондугун же соттолгондугун көргөзүү керек), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, резюме, паспортунун көчүрмөсү (паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү, психикалык жана наркология борборунан маалымдама.


Сот приставдары үчүн: Аскердик билет же башка аскердик даярдык өткөндүгүн тастыктаган же альтернативдик даярдык өткөндүгү тууралуу документтеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түрүндө) (бул талап аялдарга тиешелүү эмес) аскердик даарыгерлик комиссиянын (АДК) жыйынтыгы (тестирлөө этабынан кийин);


АДК-ны тестирлөө этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер гана өтө алат.


Документтерин толук тапшырбаган жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.


Талапкерлердин документтери скорошивательге тиркелген түрдө, жарыя “Каракол правдасы” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында Каракол шаары, Кыштобаева көчөсү 70 даареги боюнча кабыл алынат, тел. 0 (3922) 5-65-06, 0705 51-33-53.


Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун өтүлүүчү убактысы жана орду тууралуу кошумча кабар берилет.


Сынак тууралуу тереңирек маалыматты КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg сайтынан жана КРнын Жогоку сотуна караштуу Сот департаментинин www.suddep.sot.kg сайтынан ала аласыздар.