KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Замирбек Базарбеков Сот департаментинин кызматкерлерине ыраазычылык жарыялады

19 января 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын «Судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамдан келип чыккан долбоорлорду иштеп чыгууга активдүү жана жигердүү катышкандыгы үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтордун мүчөлөрүнө ыраазычылык жарыялады:


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу – Байбекова Гульзат Райымкуловна;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу — Бенгст Энвэрг;


— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы – Стамалиев Талантбек Асаналиевич;


— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын, баштапкы медико-санитардык бөлүмүнүн башкы адиси – Сутуева Гүласыл Буркановна;


— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун юридикалык башкармалыгынын башчысынын орун басары – Акерова Айнура Чокиновна;


— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси – Келдеев Медер Анарбекович.


Төрага сот тутумуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.