KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен областынын Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү ачык аукцион жарыялайт

01 апреля 2020

Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Ак-Арык айылында жайгашкан күрөөгө коюлган Турак эмес жай Нан Заводу (литер А)- 403,17 метр/кв пайдалануу аянты, конторасы менен (Литер Б) пайдалануу аянты 23,33  метр/кв, корголууга алынган үй (Литер В), Навес (Литер Г) жана ун чыгаруучу завод ичиндеги жабдыктары менен: 7-даана ун майдалочу станок, 3-даана рассев, 1-даана 1чи жана 2чи сорттогу ундарды өткөрүп берүүчү бункер, 1-даана 3-сорттогу унду жана кебекти өткөрүп берүүчү бункер, 1-даана данды таштардан жана майда дандардан тазалоочу жабдык, 1-даана кумду тазалоочу жабдык, 16-даана унду өткөрүп берүүчү циклон, 1-даана чанды топтоочу(тазалоочу) циклон, унду өткөрүп берүүчү д/м 10см-60метр, д/м 40см-40 метр метал труба, 2-даана унду өткөрүп берүүчү шнек, 1-даана ун майдалоочу жабдыкты башкаруучу шит, 1-даана данды таштардан жана кумдан тазалоочу башкаруучу шит, 40 тонна көлөмүндөгү данды өткөрүп берүүчү бункер, 3-даана 7,5 киловаттык электрдик кыймылдаткыч, 4-даана 5,5 киловаттык электрдик кыймылдаткыч ачык аукцион тартибинде сатылат. Күрөөгө коюлган обьектинин(мүлктөрдүн) алгачкы баасы 2 954 500(эки миллион тогуз жүз элүү төрт мин беш жүз) сомду түзөт.


Аукцион 2020-жылдын 06-Май күнү саат 10:00гө күрөөгө коюлган мүлк жайгашкан жерде (Ак-Арык айылында) өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет.


Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


Аукционго катышууну каалаган адамдар Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Имматов Ина Имматовичке толук маалымат алуу үчүн кайрылса болот.


Телефон: 0(3656) 5-04-40,   0771 11 80 90